Кыргызча подкаст

Bluetooth кулакчындардын пайда болгону кандай сонун!?
Атайы подкасттар үчүн эле жаралгандай!

Аны тагынып алып, чөнтөккө салып жүргөнгө ыңгайсыз смартфонду текчеге коюп коюп жаңы нерселерди үйрөнүүнүн оңой жолу.

Эгерде сиз подкасттарды үзгүлтүксүз угуп турсаңыз, анда белгилүү бир чөйрөдө билимиңизди бат эле бышыктап аласыз.

Подкаст угуу башка иштер менен оңой айкалышкандыктан, чуркоо, үйдү тазалоо менен, ошол эле bluetooth кулакчындарды тагынып алып сиз пайдалуу маалыматка ээ болуп каласыз.

Подкасттын баары акысыз. Убакыт тар болгон учурда ылдамдыгын жогорулатып тез арада угуп бүтүрсөңүз да болот.

Подкасттын дагы бир жакшы жагы — сиз аны жүктөп алып, самолёттон же интернет тартпаган жерден уксаңыз болот.

Сапарга чыкканда узак жолду кыскартып, дагы бир биле элек нерсени билип алып, биле элек бирөөгө биринчи болуп айтып берип, ырахат аласыз! Ишенбесениз бир-эки подкаст угуп көрүңүз!

Previous post
Next post
Related Posts
Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.