Кыргызча подкаст

Психологияга тиешелүү китептер, документалдык фильмдер, макалалар арбын. Мына эми бул багытта жаңы кыргызча подкаст!

Бүгүнкү күндө адамдын эң маанилүү билимдеринин бири психология тармагындагы билим, ал эми эң маанилүү жөндөмдөрдүн бири болсо аларды практикада колдоно билүү болуп саналат.

Адамга чоң күч менен басым жасап жаткан көйгөйлөр жана стресс сизди жана сиздин жакындарыңызды сындырбашы үчүн, сиз адамдын психологиясын түшүнүшүңүз зарыл.

“Бейпил жашоого умтулуу” подкастынын биринчи темасы да стресс жана сарысанаа темасына арналат. Чыгарылышта стресстин себептери, жөнгө салынышы, алдын алуу жана жакындарга жардам берүү талкууланат.

Ар бир угуучуну бейпил жашоого умтулууга чакырып, подкастты даярдашкан: Гүлжамал Шерипканова, Шотландиядагы Wellbeing Scotland уюмунун психолог-консультанты, Малаке Кыдырали, аналитикалык психолог, Нуржан Алымканова, психологиянын магистранты, психолог-консультант.

Угуп, жакындарыңыз жана тааныштарыңыз менен бөлүшүңүз, баарыбыз бирге бейпил жашоого умтулалы!

Previous post
Next post
Related Posts