Кыргызча подкаст

Блог

Маалымат технологиялары жана финансы тууралуу подкаст

Тил жоголбой өркүндөп өсүп кетиши үчүн ал тилде 100 миңден кем эмес адам сүйлөшү керек дешет.

Кыргыз тилинде адабий жана көркөм чыгармаларды, жаңылыктарды гана укпастан, эми ар кыл тармакка, ошондой эле ИТге (информациялык технологиялар) байланышкан көптөгөн долбоорлорду кыргыз тилинде угуп, көрүүгө мүмкүнчүлүк көбөйдү.

Кыргыз тилдүү подкасттардын катарын толуктаган Фин-Айти подкасты август айынан баштап жарыкка чыга баштады.

Подкасттын алып баруучулары, Эльвира Кыштобаева, Улан Джумашев жана Бексултан Окенов информациялык технологиялар, финансы инструменттер жөнүндө жөнөкөй сөз менен коноктору менен маектешишет.

Банктар кантип иштейт, электрондук капчыктар, акча которуу системалар, интернет-эквайринг деген эмне, бизнесте кандай системалар (мисалы 1С, CRM, ERP, IP АТС, email, СЭД) бар жана аларды кантип туура колдонуу керек? Бул темалар менен чектелбей, авторлор көптөгөн финансы жана ИТ-тармактагы автоматизация жөнүндө кызык конокторду чакырышат.

Биринчи тема катары подкастта емейл деген эмне, ал кантип иштейт, аны кантип колдонушат жана кандай көпчүлүк ишкерлер билбеген артыкчылыктары бар экенин талкуулашат.

Previous post
Next post
Related Posts