Кыргызча подкаст

🎙️Подкаст жаздыруу үчүн сизге микрофон керек. Подкастта канча адам сүйлөсө, ошончо микрофон керек болот.
Подкаст жаздырууну баштоодо кошумча жабдууларды сатып албоо, же микрофондорду баштапкы баада инвестициялоону сунуштайбыз. Эгер сизде iPhone бар болсо, анда ал жакшы деңгээлде жаздыруу үчүн жетиштүү болот.
Микрофондордун көптөгөн түрлөрү бар, бирок, эгерде биз подкасттар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда компьютерге туташтыруунун эки түрүнө жана эки ыкмасына көңүл буруу зарыл.
🎙️Динамикалык микрофондор.
Алардын негизги өзгөчөлүгү – сезгичтиги төмөндүгүндө. Ушундан улам алар жаңырык жана ашыкча ызы-чуу бар бөлмөлөрдө үндү жакшы жазышат.
Динамикалык микрофондор подкасттар үчүн эң сонун. Эгер сиз жаңыдан баштап жатсаңыз, бул эң сонун тандоо. Кошумча жакшы жагы, динамикалык микрофондор абдан бышык.
Кемчиликтери — динамикалык микрофондор кооздук жагынан кичине артта экенин белгилей кетүү керек. Ал эми видео подкаст жасай турган болсоңуз, анда мындай микрофон кадрда анча жакшы көрүнбөйт.
🎙️Конденсатордук микрофондор.
Ал эми бул микрофондор өтө сезгич. Ушундан улам алар үндү жакшыраак ачышат. Бирок даярдыгы жок бөлмөдө, ызы-чуу жана жаңырыктар боло турган болсо, мындай микрофон ашыкча нерселерди тартып алат, ал эми жаздыруу динамикалыкка караганда начарыраак болот.
Эгерде сизде ылайыктуу бөлмө жок болсо, конденсатордук микрофондорду сатып алууну сунуш кылбайт элек — ызы-чуу болсо үн кирдеп жазылып калат.
🎙️Микрофонду кошуу түрү.
Микрофонду алаарда алар компьютериңизге кантип туташарына көңүл буруңуз. Туташтыруунун эки ылайыктуу түрү бар — USB жана XLR болот.
USB микрофондору түздөн-түз компьютериңизге туташат, аларда орнотулган үн картасы болот. Башка кошумча нерселер талап кылынбайт. Бул түр сиз подкастта жалгыз болгонуңузга же конокторуңуз алыстан жазып жаткан учурларга ылайыктуу — ар ким өз микрофонун гана туташтырып койсо болот.

XLR микрофондорун компьютерге түз туташтыруу мүмкүн эмес. Андыктан мындай микрофонду тандасаңыз, ага кошумча жабдууларды сатып алуу керек болот. Тескерисинче, эгер сиз үн картасын же жазгычты(рекордер)колдонуп жатсаңыз, сизге дал ушунда.

Previous post
Next post
Related Posts